Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 2 жашар кыз кулап кетип, жандандыруу бөлүмүнө түштү

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 2 жашар кыз кулап кетти. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25 март күнү саат 18:04 чамасында №3 шаардык балдар ооруканасынан 102 кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда 2 жашар кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кулап кетип, жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөнү айтылган.

Кырсык Бишкектин Чүй кең көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин кызматкерлери барып, кыз 2019-жылы туулганын аныкташкан.

Учурда окуя болгон жерде кызматкерлер иштеп жатышат.

Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-03-25 22:23:45
Балдарды жакшылап көзөмөл кылалычы туугандар
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан