Ошто кыз көпүрөдөн боюн таштап каза болду (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз көпүрөдөн кулап түшүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-март күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында белгисиз жаран бийиктиктен боюн таштап каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине 136-берене "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда Орусиянын 26 жаштагы жараны аталган айыл аймагында орун алган Дача участкасында жайгашкан көпүрөдө белгисиз жагдайда бийиктиктен кулап кетип, окуя болгон жерде каза болгондугу аныкталган. Тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Маркум жөнүндө маалымат: Орусиянын жараны, улуту кыргыз, 2020-жылдын май айында Ош шаарында жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 6-курсун аяктаган. 2020-жылдын октябрь айларында Орусиянын Тюмень облусунда жашаган ата-энесине кетип, 2021-жылдын 24-март күнү Москва шаарынан келген, жогорку билимдүү, бойдок", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.

Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Ошто көпүрөдөн кулап түшкөн кыз каза болду (Эскертүү сөгүнгөн сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Haanykeim
2021-03-26 11:24:06
Жаман болуптур...
+7
nursiyanur
2021-03-26 11:27:52
Суротко тушом дегенго
+1
JaneEr
2021-03-26 13:04:26
Жанындагылар олтургон окшойт...Турткондойго...
-9
Kurbanaiym
2021-03-26 13:30:04
Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекеринен айтылган эмес да..... Жаткан жери жайлуу болсун Ата-Энесине сабыр берсин...
+4
Nostalgia
2021-03-26 15:35:35
Ушул копурону алып эле салышпайбы?! Эч пайдасы жок копуро экенго, наркы ойузго ото албайсын баары бир, наркы дуйного алып бара турган копуро экен!
+5
Jacob.
2021-03-26 19:36:02
Nostalgia, бул копуро эмес, жанагы жипке байланып учуп адреналин ала турган жер. Азыр просто сезон баштала элек да.
Тим эле копуро деп алышыптыр...
+1
Perfekt
2021-03-26 23:00:58
Жаман болуптур. Суротко тушуп аткан окшойт.
0
KaGaH
2021-03-27 01:24:18
Perfekt,жигитине таарынып өзү секирген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан