Буга чейин Өзбекстанга барып келген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 26-мартта чек ара маселелери боюнча маалымат жыйын берүүдө. Жыйынга катышып жаткан журналисттердин биринин суроосу Ташиевдин ачуусун келтирди.
Ташиев алгач чек арадагы маселелер боюнча айтты. Андан соң журналист: "Буга чейин 5 пайыз деп мактанып айтып жүргөн жерлерде тирешүүнү түзүп келе жаткан Сох анклавынын айланасындагы жерлер, Кемпирават суу сактагычындагы жерлер да бар эле, мунун айланасындагы жерлер кандай чечилди?", - деди журналист.
"Сиз берген суроого мен жооп бердим, суроону кайталабагыла, талашка түшкөн жерлер жөнүндө суроолор эми болбойт дедим. Эми Кыргыз тарап, Өзбек тарап деген гана нерсе болот", - деди Ташиев.
Ташиев сүйлөп жатканда журналист: "Барак эксклавынын тагдыры кандай болуп чечилди?" деген суроону узатты.
"Сиз мени угуңуз, уккуңуз келбесе чыгып кетиңиз. Сөзүмдү бөлбөңүз", - деди УКМКнын төрагасы.