Бүгүн, 27-мартта президент Садыр Жапаров өлкөдөгү аялдардын жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышуусун колдоо иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз мамлекетин бирге өнүктүрөбүз!" деген ураан астында өткөн иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жарандардын өлкөнүн саясий турмушуна катышууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин символдоштуруп турган бул иш-чаранын маанисин белгиледи.
Президент айылдык кеңештердеги орундардын 30 пайызын аялдар үчүн калтыруу айылдык кеңештердеги аялдардын санынын өсүшүнө алып келерине ишенимин билдирди. Анын натыйжасында жергиликтүү деңгээлде чечим чыгаруу маалында гендердик теңчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Садыр Жапаров бийликтин бардык деңгээлдеринде аялдарды колдоо өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн чечүүчү өбөлгөсү болорун баса белгиледи.
Ал аялдардын үй-бүлөгө эле камкордук көрүү менен чектелбегенин, аймактар үчүн да кам көрүүгө умтулуп жатышын колдой турганын билдирип, алардын бакубатчылыкты алып келүүгө, социалдык жоопкерчиликти көтөрүүгө салымын чындап кошо аларын кошумчалады.
Ал аялдардын үй-бүлөгө гана эмес, региондордун бакубатчылыгына кам көрүүгө болгон каалоосун колдоого даяр экендигин билдирип, алар аймактардын социалдык-экономикалык гүлдөп-өсүшүнө чындап салым кошо аларын кошумчалады.
Президент белгилегендей, кыргыз элинин тарыхында аялдарды жана алардын укуктарын ар дайым урматтап келишкен, буга Курманжан датка менен Кыз Сайкалдын мисалдары далил болгон, ал тургай аскерлерди эркектер менен бирдей жетектеген. Анын айтымында, квота бөлүштүрүү эл өз тарыхын унутпагандыгын жана укуктарын сактап, аялдарга урмат көрсөтүүсүн улантып жаткандыгын билдирет.
Бүгүнкү биз отургузган кѳчѳттѳр өлкөнүн аймактарынын дүркүрѳп ѳнүгүшү менен тең жарыша ѳсѳт деп ишенем.
Ошондой эле Садыр Жапаров БУУ, ЕККУ сыяктуу эл аралык өнөктөштөрдү, Германия, Корея, Орусия, АКШ, Түркия, Швейцария, Япония өкмөттөрүн жана башкаларга шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган Кыргыз мамлекетинин күч-аракеттерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен биргеликте борбордогу "Ынтымак" сейил багына жергиликтүү кеңештерге шайлоого аялдардын активдүү катышуусун кеңейтүүнү колдоо максатында көчөттөрдү отургузушту.