Кыргыз элинин ассамблеясынын актуалдуу маселелери талкууланды

Кечээ, 26-мартта президент Садыр Жапаров Кыргыз элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ассамблеянын учурдагы ишмердиги, актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Абдыганы Эркебаев белгилегендей, бүгүнкү күндө ассамблея улуттар аралык ынтымак жаатындагы маанилүү институттардын бири болуп саналат жана бул багытта президенттик аппарат менен тыгыз иш жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле ал учурда улуттар аралык биримдикти жана мамилелерди чыңдоого багытталган 2021-2026-жылдары Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп жатканын маалымдады.

Ошону менен бирге, ишти натыйжалуу улантуу максатында Абдыганы Эркебаев ассамблеянын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга, анын ичинде имаратты оңдоп-түзөөгө жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы ассамблеянын өлкөнүн маданий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле элдин биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.

Садыр Жапаров жарандардын социалдык биримдигин камсыз кылууда ассамблеянын ролу маанилүү экенин айтты. Ал элдин биримдигин чыңдоо стратегиялык багыт экенин белгилеп, буга байланыштуу Кыргыз элинин ассамблеясын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдар ассамблеянын материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү, ага керектүү колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карайт деп ишендирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан