ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: Бүгүн SUPER.KG'нин туулган күнү

Мындан 15 жыл мурун, 2006-жылы 28-мартта SUPER.KG маалымат маанайшат порталы ишке кирген. Порталдын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, Кыргыз мамлекетиндегилерди гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөп, көпкө ойлонот. Акыры кыргызча сайт ачууну максат кылат да, бул оюн бир жылга жакын бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырган.

2012-жылы SUPER.KG порталы "Супер-Инфо" гезитинен бөлүнүп, өз алдынча компания катары иштеп баштаган. Бул жылдардан тарта порталдын колдонуучулары күн санап өсүп, окурмандарынын көптүгү боюнча өлкөдөгү кыргыз тилдүү сайттардын алдынкы сабына чыккан.

Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталы Кыргыз жергесинде эң ири кыргыз тилдүү сайт. Анын тарыхында көптөгөн жаңылануулар болуп, күнүнө 90 миңге жакын колдонуучу баш багат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан