Чымын баккан ишкер: "Айрымдар чымынды жейт деп чыгышты, бирок андай эмес"

Жумгалда чымын багып, ишкерлик кылган Сыдыкбек Асаналиев SUPER.KG порталына маек куруп, чымындарды эмне себептен багып жатканы, алардын кадимки чымындардан айырмасы, пайдасы тууралуу айтып берди.

"Мен 1974-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында туулгам. 5 балам бар: 2 кыз, 3 уул. Өзүм 10 бир туугандын кичүүсүмүн. Буга чейин аары багып, ишкерлик кылып келгем".

Чымын багуу идеясы профессорго таандык.

Замирбек Токтоналиев деген профессор агабыз менен 1 жарым жылдан бери иштешип келебиз, дал ушул агабыз өлкөгө сөөлжан алып келгендердин бири андан биогумус алып баштаганбыз. Чымын багуу идеясы дагы ушул агабызга таандык. Таза органикалык затка өтүп баштаганыбызга байланыштуу чымын багууну туура көрдүк. Мисалы, буга чейин сөөлжан биогумусу менен дарбыз, кулпунай сыяктуу бир катар жемиштерди өстүргөнбүз.

2020-жылы жай айларында тийиштүү компаниялар менен сүйлөшүп, чымындарды алдырттык. Негизи чымындын курамында 18ден 30га чейин кислота бар экен. Бул өнүккөн Европа мамлекеттеринде жана Япония, Орусия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө кеңири тараган, чоң фабрикалар курулуп, өтө көп киреше табышат. Чымындан самын чыгат, бет майлардын көп түрү жана башка пайдалуу заттар чыгат.

Эгерде чымындарга арпа, буудай, жүгөрү, күрүч сыяктуу азыктарды жедирсе, байытылган жем бөлүп чыгарышат. Аны балык, тоок, уй, кой, жылкы, айтор, бардык малга азык катары жем кылып берсе, өтө чоң пайда болот. Малдын денеси жалтырап, иммунитети күчтөнүп азыркы чыгып жаткан көп ооруларды тоготпой калышат. Ал малдын этин жеген адамга дагы пайда алып келет.

Чымындарды экиге бөлүп алабыз. Биринчиси, жогоруда айткандай жем катары пайдалануу. Ал эми экинчиси азыр таштандылар көбөйүп кетпедиби, ар кайсы жерге төгүлүп жатат, өрттөлүп жатат. Ошол сыяктуу таштандылардын бардыгын личинкалар жеп, анан зоогумустарды бөлүп чыгарат. Ал биогумус сыяктуу жер семирткич болуп, жердин асылдуулугун арттырат.

Бул АКШнын чымындары.

Кадимки чымындардан айырмасы чоң десем жаңылышпайм. Көлөмү аарыныкындай чоң болот, буттары ак болуп турат. 10-15 гана күн жашайт. Суу менен деле жашай берет. Чымын багууда кыйынчылык жаратканы алар 30-36 градуста жашашат. Чымындар Америкадан чыккан. Өлүп калган чымындарды кайра жем катары пайдаланса болот.

Киреше алып келет.

"Биз деле жөн баккан жокпуз, сөзсүз түрдө киреше алып келет, бирок бизге дагы убакыт керек. Азыр чымындын пайдасын элге түшүндүрүү, жеткирүү кыйын болуп жатат. Башында деле өлкөгө сөөлжан жаңы алып келгенде, көпчүлүгү жактырбай ар кандай сөздөр чыккан. Акыры элдин элегинен өтүп отуруп, азыр кеңири колдонуп баштады. Чымындарга карата дагы ушундай мамиле болуп жатат, убакыт керек. Кытайлардай болбой жөн эле отурушпайбы деп дагы айтышты. Кээ бири жейт деп дагы чыгышты, жок, андай эмес. Алдыда чоң фабрика куруп, самын, бет май сыяктуу каражаттарды чыгара баштасак деген максаттарыбыз бар. Колдогондор дагы жок эмес, кызыккандар дагы бар.

Кыргыз өлкөсүндө Талас облусунун бир айылы органикалык айыл чарбасына өтүп, органикалык зат экспорттоого мүмкүнчүлүк алыптыр. Ушул органикалык айыл чарба департаменти айыл чарба министрлиги менен бирге биздин ишибизди карап, Байзак айылын органикалык айыл деп өткөрүп, тастыктоочу күбөлүк беришти. Бул дагы биздин жетишкендик деп билебиз", - деп айтып берди ишкер.

Чымын баккан Сыдыкбек Асаналиев
Чымын баккан ишкер: "Айрымдар чымынды жейт деп чыгышты, бирок андай эмес"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2021-03-29 14:26:55
Баары сатылып чымын таппай калат окшойбуз эми
+2
Urmat78
2021-03-29 14:30:07
Башка эле бизнес кылбапсын
-3
Kyrc...
2021-03-29 14:50:28
Азамат, ишкерлер кобойо берсин. Иштейм деген адамга айда да иш бар деген ушул.
+7
Dilzatka
2021-03-29 14:51:13
Мен чиркей баксам окшойт.
-1
talas0707
2021-03-29 17:18:44
Колдон келбегенден кийин азаматсын, ийгилик деп колдоп койгула. Диванный баатыр боло бербей
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан