Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө башталды. Алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри эмдөөдөн өтөт

Кыргыз өлкөсүндө бүгүн, 29-мартта коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөө алат. Андан соң орун басарлары, медицина кызматкерлери, мугалимдер, журналисттер жана башкалар алат.

Эмдөө Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан