"Түшкөн каражат шайлоого жумшалат". Депутат Дастан Бекешев байпак сатууда

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзгөчө дизайндагы байпактарды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эл өкүлүнүн айтымында сатыктан түшкөн каражат шайлоо өнөктүгүнө жумшалат. Байпактарда "Элдин үмүтү, мамлекеттин тиреги" деген жазуу бар.

"Элдин үмүтүн, мамлекеттин тирегин колдо. Бир жуп байпак 200 сом турат", - деп жазган Бекешев.

Буга чейин депутат Бекешев жогорку окуу жайлардын студенттерине "Кантип ийгиликтүү юрист болуу керек?" деген аталыштагы акылуу лекция окуп, андан түшкөн каражаттар да шайлоо өнөктүгүнө жумшала турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mirlan27011987
2021-03-29 11:26:51
Адамда жок дегенде эки тыйын үмүт болуш керек, антпесе жашоо мүмкүн эмес. Адам тирүү кезде үмүт кылышы керек. Үмүт - бул жан дүйнөдөгү каалоонун ишке ашарына ынандыргысы келген нерсе. Коркуу - бул тилектин орундалбай тургандыгына ишендирип турат. Үмүт - бул эң мыкты дарыгер. Үмүт келечекте жеңилирээк болот деп ар дайым айтат. Үмүт үзбөш керек.
-4
Agayu
2021-03-29 11:37:27
Дастан убагында сатпайт белен: билем азыр Бийликке каршысын. Канчалаган мумкунчулугу чектелгендердин ырыскысын жэп жаттын. Алар да митинге чыгышкан .Сен озунду пиар кылба : лучше кус жэгенинди
+10
Asmat84
2021-03-29 12:19:59
Бул депутат бир туруп 99 бир туруп 101 болуп кетет аа
+9
bekalife
2021-03-29 14:27:12
Ушул жигитке эч тушунбоймда
+4
nazira...
2021-03-29 21:05:04
Сыйлачу элем, акыркы убактарда таптакыр башкача болуп кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан