"Окуучулар боюнда бар деп...". Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган кызды сактап калышты

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери өз жанын кыям деген кыздын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

27-мартта Каракол ШИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү Мырзабек Саркеев өзүнүн аймагында мектеп окуучуларынын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп жаткан. Жолугушуу учурунда 8-класстын окуучу кызы классташтарына жана ата-энесине таарынып, өз жанын кыюуга даярданып жаткандыгы тууралуу маалымат алган.

Аталган маалымат боюнча Мырзабек Саркеев өзүнүн кесиптеши Айдана Анварбекова менен биргеликте окуучу кыздын жана ата-энесинин аты-жөнүн аныкташкан. Апасы менен жолукканда өз ара пикир-келишпестиктен кызын урушканын жана кызы белгисиз тарапка кетип калганын, телефону дагы өчүк болуп жатканын кошумчалашкан.

Милиция кызматкерлери кызды издеп, ал Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде экендигин билишкен. Ал жерге барган кызматкерлер кыз менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бирок ал терезеден секирүүгө даяр экенин айткан. Кыз менен акырын сүйлөшүүнү улантып жатып, милиция кызматкери Мырзабек Саркеев кызды терезеден тартып алган. Ага кесиптеши дагы жардам берген.

"Жагдайды териштиргенде кыз буга чейин оорусуна байланыштуу УЗИге текшерилген. Бирок кээ бир окуучулар мектепте анын боюнда бар деген имиштерди чыгарып, ошондуктан ал дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат деп ушак чыгарышкан. Күн сайын анын дарегине айтылган ушак сөздөр, ага кошумча ата-энеси менен болгон түшүнбөстүктөр кызды айласыз бул кадамга барууга түрткү кылган. Учурда кыздын өмүрүнө эч бир коркунуч жок. Өспүрүм менен психологдор жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-03-29 20:53:28
Ата энеси барып айткандардын пачагын чыгарып ийбейби. Ушундайда бала тарапта болуп, балага жардам бербесек анан качан беребиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан