Жалал-Абад шаарынын Чехов көчөсүндөгү соодагерлерге жол четиндеги суу кетүүчү арыктарга таштанды ыргытпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан кабарлашты.
"Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын адистери соода жайларынан, ашканалардан чыккан таштандыларды каналдарга таштабоого чакырышты. Анткени жаан-чачындуу аба ырайы менен коштолгон бул күндөрдө арыктарга таштанды, желим баштыктар, бөтөлкөлөр толуп калгандыктан көчөлөрдү суу каптаган.
Сел ташкыны айрым үйлөрдүн короолоруна кирген. Шаар бийлигинин эскертүүсүнө баш ийбеген тараптарга 3 миң сомдон 5 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул салынат", - деп айтылат маалыматта.