Камчыбек Ташиев: "300 гектар жердин ордуна 1000 гектар бербесеңер келишимге кол койбойм деп туруп алдым"

Бүгүн, 30-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуп, чек ара маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушууда Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кыргыз-өзбек делегацияларынын сүйлөшүүлөрү кандай жүргөнүн айтып берди.

"Кемпир-Абад суу сактагычы ээлеген жердин аянты 4400 гектар болду. Анын ордуна Өзбекстан тарап буга чейин 4100 гектар жерди башка аймактан берген. Дагы 300 гектар жер бериши керек эле. "Ошол 300 гектар жердин ордуна 1000 гектар бергиле" дедим. Алар 500 гектар берели дешти, биз макул болбодук. Өзбекстандын премьер-министри да өз позициясында катуу турган киши экен, талашып, тартышып отуруп "700 гектар берели, ушуну менен токтойт" деп кесе айтты. Мен "1000 гектардан 1 гектар да түшпөйм, болбосо кетем, келишимге кол койбойм" деп туруп алдым. Акыр аягы "ушунча сүйлөшкөн ишибиз бузулуп кетпесин" дешип, 1000 гектар берүүгө макул болушту. Ал жерлерди биз кайсы аймактан алмай болдук? Кемпир-Абаддын оң жагында чөп чабыкка ылайык жакшынакай жерлер бар. Убадаланган жерлерди ошол аймактан алып, 500 гектарын Өзгөн, 500 гектарын Сузак райондорунун карамагына өткөрүп берели деп чечтик", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
nazarnew
2021-03-30 19:40:03
Маладес Ташике, ал жерди барып өз көзүбүз менен барып көрүп келишибиз керек экен. Майли ниме болсо дагы ишти жайлапсиз, гап жок, боловерет.
+16
Kombi
2021-03-30 19:41:03
Ошол жерлер биздин жер болчу алар тосуп Алышты акырындап жылып келип олтуруп. Оштон Жалал Абадка кеткен жолдун (перевал)сол жагы азыр трассага чейн жетип тоскон.
+12
Aiymkan89
2021-03-30 20:08:06
Отуп кеткен болсо да кайтарып жатат. Бул дагы чон жетишкендик. Армения менен Азерлерге окшобой
+11
Kyrc...
2021-03-30 20:13:46
Ишениш кыйын, озбектер жон эле бере бербесе керек, Барак айылынын эли эмне болду экен.
+7
Real98
2021-03-30 20:30:03
Жер башы болгуча,суу башы бол!
+6
bond02
2021-03-30 20:49:42
Алдандын, алдандык.
-3
Flowhive
2021-03-30 20:50:12
Өзүнүн Жалалабат облусуна эле тартып жатат да
-9
abusait
2021-03-30 21:14:10
Flowhive, Оюнар эле жаманда. Эмне Ж.абад башка олкобу сен учун?
+9
Aibek_eka
2021-03-30 21:54:10
Баткенди кыйратып чечпединерда
-1
Petrovka
2021-03-31 06:45:20
Ошондо Кемпир Абад озбектерге өтүп кеттиби
0
AykaMer
2021-03-31 16:42:56
Жерди берсе сатты деп өлүп каласыңар чычалап. Кайра көбүрөөк кылып алса дагы чыгасыңар алдандык деп. Негатив жазгандар,силерге не керек өзү?!Тишиңди таза жуубайсыңар анан жерди сүйлөйсүңөр да. Жалал-Абадка эле берип жатат деп дөөрүп жүрөт бирөө бул жакта,анан эмне сенин үйүңдүн жанына алып барып берсинби ошол жерди? Мээң жетпесе не кыласың аралашып саясатка...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан