SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бишкектин жолдорунда кайык менен сүзүп жүргөн активист" аттуу видео жүктөлдү. Бишкектин көчөлөрүн оңдоо көйгөйү буга чейин айтылып эле келе жатканы бештен белгилүү. Тынымсыз жааган жаандан улам көчөлөргө суу толуп, элди бир топ ыңгайсыз абалга салып, түмөн түйшүк жаратууда. Төмөндөгү видеодон жарандык активисттин Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кайык менен сүзүп жүргөнүн көрүүгө болот.
Ал эми интернет колдонуучулар "Уят эле 30 жыл болду 30 жыл! 100 метр жерге арык ачып ондоп коюшпайт", "Кирком мен бала кезде эле ушундай эле, азыр мен 50гө чыктым эч өзгөрүү жок", "Кайык такси пайда болот" деген өңдүү комментарийлерди жазып, бийликке нааразычылыгын билдиришүүдө.