Бишкекте сегиз айлык наристеден коронавирус илдети аныкталды

Бишкек шаарында январь айынан бүгүнкү күнгө чейин 3 миң 258 адамдан коронавирус илдети аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 30-мартта 8 айлык наристеден коронавирус илдети аныкталган.

"30-мартта борбор калаада 48 адам коронавирус илдетине кабылды. Алардын арасында 8 айлык наристе да бар. Анын эжесинен аталган илдет аныкталып, үйдө дарыланып жаткан. Эжеси менен контакт болгондуктан, наристеде илдет аныкталды. Бүгүнкү күндө наристенин абалы жакшы, үйүндө дарыланып жатат", - деди Айнагүл Рыскулбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан