"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы: "Жарандар мыйзамга баш ийбей, бизге көп тоскоолдук жаратат"

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Марат Жороев шаарга жолдун курулушуна тоскоол болгон курулуштар тууралуу пикирин билдирди.

Айтымында, бул маселе ошол жерде жашагандардын мыйзамды сактабаганынан келип чыгат.

"Ошол эле учурда тиешелүү мекеме тарабынан да түшүндүрүү иштери жакшы жүргүзүлбөйт.

Бирок ошого карабай жумуш жүрүш керек. Айрыкча жергиликтүүлөр жол курба десе, биз курабыз деп конфликт жаралып келүүдө", - деди ал.

Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын мэриясы калаанын социалдык-маданий объектилеринин курулушу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатат.

Жыйынга Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысы Марат Жороев, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыров, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Гүлмира Жумабекова, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Молдобасаров жана Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулушту башкаруу бөлүмүнүн башчысы Темир Мамашев катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан