Энелер комитетинин өкүлү: "Жоокерлердин кургак учук дартына кабылганы - бул шалаакылык"

Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин өкүлү Уулкан Байгубатова Куралдуу күчтөрдүн жоокерлеринин кургак учукка кабылганын шалаакылык деп эсептейт. Бул тууралуу ал жыйын учурунда билдирди. Айтымында, бул кырдаалга жол берилбеши керек болчу.

"Бул шалаакылык. Эң негизгиси балдарыбыз айыгып кетсин. Ал жакта шарттар деле жакшы экен. Алардын бирөөнүн да дене табы көтөрүлбөптүр. Буга жол берилбеши керек эле, бирок жол берип салдык. Алардын ата-энелери ыйлап жатышат. Бирок негизгиси бул айыга турган дарт. Бул балдарыбызга болгон кырсык. Бул маселеде мен армияны күнөөлүү деп эсептейм", - деди Байгубатова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан