Бүгүн, 31-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук административдик имаратында Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен жолугушуу өткөрүп жатат.
"Үч күн Өзбекстанда болуп келдик. Өзбекстандын премьер-министри менен жолугуп, чек ара маселесин делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк".
Орто-Токой суу сактагычы биз тарапта калды. Бирок анын үстүндөгү суунун 95 пайызын өзбек тарап колдоно турганын билесиздер. Көк-Серек айылы, 105 гектар жер, Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон биз тарапка жазылды. Кара-Белес участогунан 25 гектар жерди кайрадан алдык. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү.
Гавасай (Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде) деген участок буга чейин, атап айтканда 1956-жылы биз ал жакка өткөрүп койгон экенбиз. Кагаз түрүндө Өзбекстан жакка өтүп кеткен, бирок практика жүзүндө 4-5 айыл ал жерди жайыт катары колдонуп келген.
Бул жер талаштуу жер. Алардын колунда документи бар, "силердин документиңер кана?" деп сурап жатышат. Ошентсе дагы талашып-тартышып, ал жерден Гавасай тилкесинен 8 миң гектар жерди бизге жазып бергенге макул болду", - деди Камчыбек Ташиев.