ИИМ УКМК менен биргеликте баңгизатка каршы күрөштү күчөтүү боюнча кеңешме өткөрдү

Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети биргеликте баңгизатка каршы күрөштү күчөтүү боюнча кеңешме өткөрдү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан учурдагы чакырыктар жана коркунучтар талкууланып, өлкөдөгү баңги кырдаалын жакшыртууга багытталган конкреттүү иш-чаралар иштелип чыкты.

Атап айтканда, баңги каражаттарын, өзгөчө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүү, ошондой эле өлкөнүн бардык аймагындагы түнкү клубдарда, казинолордо жана башка оюн-зоок жайларында баңгизаттарды таратууга бөгөт коюу боюнча комплекстүү чаралар көрүлмөкчү. Тагыраагы, укук коргоо жана финансылык чалгындоо органдары тарабынан баңги кылмыштарына каржылык колдоо көрсөтүү булактарына бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бурулат.

"Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн керектүү конструкторлорду - химиялык реагенттерди жана прекурсорлорду аткезчиликке жол бербөө боюнча көзөмөл күчөтүлөт. Жаштар жана эмгек мигранттары, чет өлкөлөрдө иштеген Кыргыз жарандары арасында баңгизаттарын колдонуунун алдын алуу жана аларды баңги кылмыштуулугуна тартуунун алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары "Дарыкана баңгилигине" каршы күрөшүү максатында мамлекеттик органдар күчтүү таасир этүүчү дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүүнү макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан