Нарын. Кесип бирликтери журналисттер арасында сынак өткөрөт

Кесип бирликтери журналисттер арасында сынак өткөрөт. Кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңеши Кыргызстан профсоюздар кеңешинин президиумунун №40-3-токтому менен профсоюздук кыймылды массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча журналисттер арасында сынак жарыялаганын билдирди. Сынактын алкагында материалды позитивдүү, актуалдуу, оригиналдуу жана кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн өзгөчө кылып ачып берүү, коомдук резонанс сыяктуу критерийлер иштелип чыккан. Тапшырылган материалдар сапаттуу жана позитивдүү болуусу шарт, ошондой эле анын проблематикалык жагы менен катар аны кандай жол менен чечүү керектигин да камтыганы баага арзыйт. Муну менен катар сөзсүз түрдө материал профсоюздук кыймылдардын ишмердүүлүгүн жана кемчиликтерин, проблематикалык жактарын камтышы керек. Мазмундуу тематикадагы курч, терең жана объективдүү статьялар, теле-радиопрограммалар 2012-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан