"Гид болгонго чейин таштанды чогулткандар менен иштегем". 15 жашында бизнесин ачып, швейцариялык китепке чыккан Гүлбурак

"Кыздары кыйын кыргыздын" деген сөз дал ушул бүгүнкү каарманым өңдүүлөргө айтылса керек. Он беш жашында алгачкы бизнесин түптөп, швейцариялык китепке чыккан Гүлбурак Бегматаева Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында 2003-жылы туулган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен баштап англис тилин мыкты өздөштүрүп, Ленин чокусунда гид кызматын аткарып, чет элдик туристтердин кызыгуусун жараткан. Өзү жаш болгонуна карабай туризмдин өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан каарманыбыз менен маектештик.


Гид болуп биринчи жолу 100 доллар тапкам...

- 2018-жылы 15 жашта элем. Өзүм жеке ишкер катары катталып, конок үйүн ачып, туристтерди өзүм тейлеп баштагам. Аны ачып калуум дагы кызык болгон. Мага чейин Ленин чокусунда туристтерди кабыл алган жер жок болчу. Ошентип алгачкы конокторум польшалыктар болуп, 100 доллар тапкам. Алар биздин эле боз үйдө жашап калышты. Ал учурда ата-энем Ленин чокусуна жакын жерге жайлоого чыгышчу. Туристтер тамак-ашы, жашаганы үчүн 80 доллар төлөп, анан 20 долларды сенин бизнесиңе биздин салым деп беришкен. Өзүм да ойлоп жүргөм, туристтер дагы конок үй ачып, тейлөө жагын колго ал деп кеңеш беришти. Анан акча чогултуп баштап бизнесимди түптөдүм. Такыр эсимден кетпейт ошол жылы өзүм 29 миң 180 сом акча тапкам. Буюрса, ал жерди дагы өнүктүрсөм деген жакшы ойлорум бар.

Гид болгонго чейин таштанды чогулткандар менен иштечүмүн...

- Гид болуп иштегенге өзүм кызыкчу элем. 7-классымда жөн эле таштандыларды чогулткандар менен иштештим. Акча табуу максатында эмес, алар менен иштегим келип эле. Ал жакта көбүнчө орустар иштешет. Ал эми кыргыздар көбүнчө эле кызмат көрсөтөт. Ат менен камсыздап, айран, сүт берип. Орустар менен аралашып жүргөн мага кызык болчу. Анан тейлөөчү болуп, идиш жуугуч болуп иштеп жүрүп, көп нерсе үйрөндүм. Ал учурда тилди жакшы билчү эмес элем, аябай кыйналгам. Мага чет элдиктер менен маектешүү аябай кызык, жаңы бир нерсе үйрөнөсүң, сонун бир ырахат тартуулайт. Алар келсе аябай сүйүнөм, аларды кубануу менен тосуп алам. Бир жакыным алыс жактан келгендей сезим болот. Өзүңдүн жериңдин кооздугун башкаларга көрсөтүп, ал жердин тарыхын айтып берүү керемет да. Мен да алардан көп нерсе сурайм, үйрөнөм.

Чет тилин үйрөнүү керектигин 3-классымда түшүнгөм...

- 3-классымда Кытайга барып келдим, бала болсом да көз карашым өзгөргөн. Мен ошондо эле тил үйрөнүү керектигин түшүнгөм. Англис тилине өз алдымча эле кызыгып, китептеги котормо сөздөрдүн баарын жаттап чыккам. Анан кээ бирлер аябай кызыкчу "Кантип үйрөнүп жатасың?" дешип, менин ансайын кызыгуум артчу. Былтыр гана сентябрдан быйылкы март айына чейин англис тил курсунда окудум. Себеби Швейцариядан келген бир швейцарец эгер англис тилден жакшы балл алсаң, ал жактагы эң мыкты университеттерде окуганга мүмкүн дешти. Ошондон улам англис тилин дагы да тереңдетүү үчүн окудум.

Швейцариялык китепке мен жөнүндө жазылды...

- Ал эми чет элдик китепке чыгып калуум дагы кызык болду. Өткөн жылы август айында Ленин чокусун таштандыдан арылтуу боюнча иш-чара өтүп, ага швейцариялык "Хельветас" уюму демөөрчүлүк кылды. Алардын координатору мен жөнүндө буга чейин угуп жүргөн экен, анан таанышалы деп калды. Кийин мен Ленин чокусундагы лагерде ашпозго жардамчы болуп жумушка кетип калдым. Кийин октябрда алар байланышып, "Бизге Швейцариядан журналист, фотограф келе жатат, ал китебине сиз жөнүндө жазгысы келип жатат" дешти. Кийин Ошко барып ага жолугуп, дагы маектештик. Мен чыккан китеп жакында келип, колума тийди. Эми буюрса, май айында швейцариялык журнал жана газетанын башкы бетине чыгам.

Үй-бүлөдө эң кенжесимин...

- Үй-бүлөдө ата-энем, 2 агам, 1 эжем бар. Мен эң кенжесимин. Бир туугандарымдын баары үй-бүлөлүү, өз жолдору менен кетишкен. Мен 17 жаштамын, учурда Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинде окуп жатам. Ата-энем айылда турушат. Ата-эне үчүн баласынын амандыгы керек. Анан ийгилик жаратса жетине албай кубанат эмеспи. Ар бир кылган жакшы ишимди ошол инсандарга арнайм. Дайыма "биздин кызыбыз" деп сыймыктанып турушса, шыктанып, дагы да бийик нерселерге жеткенге аракет кылам. Алар мени ар тараптуу колдоп, билим алуума дем берип турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulizaa
2021-04-01 22:37:16
Молодец, Ийгилик мындан ары да! Ушундай жанылыктар да чыкса болот экен го.Аны тоноду,олтуруп кеттиден башка.Жакшы жанылыктар элге мотивация берип ,элдин онугуусун шарттайт.Ушу супер инфодон суранат элем ,эн коп окулуучу гезит .Кобуроок билим , мотивация га конул бкрсаныздар,бул да болсо элге сиздерден чон жардам болот беле...
+20
Jelezo
2021-04-02 10:21:08
Gulizaa, сен да молодец.
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-04-01 23:34:03
Землячка молодец!
+5
arimaz89
2021-04-03 05:12:54
Азамат! Дайыма ийгилик коштосун. Бактылуу бол! Супер Инфо, ушундай нерселерди көп алып чыксаңар, мектеп окуучулары үчүн сонун жол көрсөткуч болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан