"Түрк кеңеши азыркы күндө дүйнө коомчулугу тааныган, түрк интеграциясынын эң башкы, кадыр-барктуу платформасына айланды", - деп президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Садыр Жапаров Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаевдин уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон зор салымын белгилеп, түрк тилдүү өлкөлөрдүн бейформал саммитин өткөрүү демилгесин көтөргөндүгү үчүн ага ыраазычылык билдирди.
Ал дүйнө жүзү ушул кезде коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин башынан кечирип жаткандыгын айтып, ага байланыштуу Түрк кеңешине кирген мамлекеттердин башчыларын биримдикте болууга чакырып, учурдагы кырдаал жалпы түрк дүйнөсүнөн замандын оош-кыйыш чакырыктарына чечкиндүү жооп берүүнү талап кылып жаткандыгына токтолду.
Мамлекет башчысы Уюмдун платформасы аркылуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, социалдык маселелерди талкуулоо менен бирге өз ара жакындашууга, көп тараптуу мамилелерди өркүндөтүүгө зор мүмкүнчүлүк алууга болорун билдирип, Түрк кеңеши интеграциялык процессте башкы ролду ойной тургандыгын баса көрсөттү.
"Фонд түрк кеӊешине кирген өлкөлөрдөгү бизнес долбоорлорду ишке ашырууда кошумча каржылоо булагы катары кызмат кылат, ишкерликти өнүктүрүүгө салым кошот, чакан жана орто бизнести каржы булактары менен камсыз кылат деп ишенем. Буюрса, фонддун ишмердүүлүгүн колдоо менен биз түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык байланыштардын жаңы барагын ачабыз", - деди мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров фонддун түзүлүшү менен өлкөлөр арасындагы инвестициялык климат жакшырарына, ошону менен бирге өз ара карым-катнаштарды чыңдаган экономикалык рычаг түзүлөрүнө бекем ишенимин билдирди.