Бүгүн, 1-апрелге карата өлкөдө дагы 164 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, бир суткада Талас жана Баткен облустарында ооругандар катталган жок.
Бишкек шаары – 97;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 51;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 2.
Оорудан жабыркагандардын жалпы саны 88 миң 538 болду.
Ал эми акыркы сутка ичинде 88 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары– 46;
Ош шаары –3;
Чүй облусу – 32;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 4.
Өлкө боюнча айыккандардын жалпы саны 84 миң 897ни түздү.