"Маркумдун денеси эмес, анын өпкөсүндө калган аба коркунучтуу". Казакстанда коронавирустан каза болгондорду көмүү эрежелеринин тизмеси

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөлөрүнө ылайык, COVID-19 илдетинен каза тапкан жаранды көмүүдөгү эрежелер иштелип чыккан.

Өз кезегинде министрлик Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жараша маркумду жерге берүүдөгү шарттар ишке киргенин белгиледи деп жазышат казак басылмалары. "Маркумдун денеси эмес, анын өпкөсүндө калган аба коркунучтуу. Вирус адам каза болгондон эки-үч сааттан кийин өлөт. Бирок өпкөдөгү аба андан узак убакытка чейин кала берет. Муну жакшылап изилдеше элек. Ошентсе да алдын алып чараларды көрүп жатабыз" деген эпидемиолог Айнагуль Куатбаеванын пикирин казак басылмалары жарыялашты.

Бардык медициналык эрежелерге жана көрсөтмөлөргө ылайык, маркумду жерге берүүдө төмөндөгүдөй талаптар аткарылышы керек:

  • Эгер жаран коронавирус менен ооруганы аныкталбаса да коронавирус жуктуруп алганга шектелип жатып көз жумса, бардык эпидемияга каршы режимди сактоо менен эпидемиологиялык кароого жана изилдөөгө берилет;
  • Эгер адамдын лабораториялык анализдин негизинде коронавирус COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталып жана ал андан каза тапса, анда маркумдун денеси экспертизага берилбейт;
  • Коронавирустан каза тапкан маркум жакындарына да өткөрүлүп берилбейт;
  • Эгер маркум ислам дининде болсо, табыты жок көмүлсө, анда аны ороочу кездемеге бактерияга каршы эритме сиңдирилиши керек;
  • Андан кийин каза тапкан адам полиэтилен материалга оролуп, анын сыртынан кайрадан калың кездеме менен оролушу шарт;
  • Маркумдун денесин металл же тыгыз жабылган жыгач табытта ташуу зарыл;
  • Табыты жок көмүлүп жаткан маркумду жуунтуу процесси прозектурада ишке ашырылыш керек (ред: ооруканадагы же клиникадыгы өлүктү союу боюнча патологоанатомиялык бөлүм);
  • Маркумду жуунтуу процессине үч адамдан ашык катышпашы керек;
  • Процесске катышып жаткандар коргонуучу кийимдерди кийишет, дезинфекциялоо каражаттарын колдонушат, процесс аяктаган соң дароо маркумдун денеси бактерияга жана вируска каршы эритмеге сиңирилген кездемеге оролот;
  • Көмүүдө маркум оролгон кездемени ачууга тыюу салынган, ошондой эле маркумдун жүзүн дагы ачууга болбойт. Анын өпкөсүндө калган аба айлана-чөйрөгө чыкпашы үчүн сөөктү жууганга чейин аны бети бактерияга жана вируска каршы эритмеге сиңирилген кездеме менен жабылат;
  • Жакын туугандары маркум менен 3 метр алыстыктан коштошо алат. Сөөк турган бөлмөдө бир сааттан ашык турууга болбойт. Көмүүдө маркумдун жакындары жана дин кызматкерлери ага жакындабашы керек;
  • Маркумду акыркы сапарга узаткандардын баары 14 күн бою медициналык кароодо жана байкоодо болушу шарт.

Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянып, маркумду жерге берүүдөгү иштеп чыккан айрым эрежелерин ушул шилтемеден окуй аласыз.

Коронавирустан каза болгон маркумду акыркы сапарга узатуу кандай болушу шарт? Дин башкармалыгынын көрсөтмөлөрү тууралуу окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nura1440
2020-04-05 15:39:06
Кудайым өзү сактасын,ооругандарга шыпаасын кошо берген болсун,өтүп кеткендер жаткан жери жайлуу болсун!
+1
algakaray
2020-04-05 22:23:40
Бул вирус олгон адамды да жон кетирбейт экен го о дуйного. Жаткан жерлери жай болсун. Бейиштен орун берсин кудайым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан