"Э, ызылдабагыла". Дастан Бекешевдин аткаруусунда Камчыбек Ташиевге тамашалуу пародия (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин харизмасы тууралуу кеп козгоду. Анын мүнөзү тууралуу айтып жатып Бекешев Ташиевдин үнүн туурады.

"Камчыбек Ташиев мыкты оратор экенин моюнга алуу керек. Азыр ал чек арага жакын аймактарда эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөт. Ал публиканы колго ала алат. Мисалы чогулган эл аны укпай, ызылдап кетсе "Э, ызылдабагыла, э, мени угасыңарбы же өзүңөрчө сүйлөшө бересиңерби?!" деген сыяктуу сөздөрдү айтып, элди тынчтандыра алат. Албетте, тамаша тамаша менен, бирок ар бир адам мынчалык публиканы колго алып, башкара албайт", - деди Бекешев.

Дастан Бекешев SUPER.KG порталына чек ара маселелерине байланышкан пикирин да билдирди. Анын айтымында, макулдашуулар тууралуу пикир айтууга азырынча эрте, бирок сүйлөшүүлөр жүрүп жатканынын өзү мактоого татыйт.

"Түзүлгөн келишимдер 2 өлкөнүн парламенти тарабынан ратификацияланышы керек. Ошондо гана мыйзамдуу күчүнө кирет. Менин оюмча, документ апрель-май айларында Жогорку Кеңешке ратификацияга киргизилет. Азыркы учурда биздин колубузда келишимдин тексти жок, ошондуктан ага баа берүүгө азырынча эрте. Бирок чындыгында бул маселени кимдир-бирөө чечиши керек болчу. Бир нече жылдан бери созулуп келе жаткан. Бул жерде уткан же утулган мамлекет болбойт. Эл муну түшүнбөшү мүмкүн, бирок бизге тынчтык керек. Ошондуктан сүйлөшүү жүргүзүү керек болчу жана бул сүйлөшүүлөр тарыхта калат. Кандай чечилгенин мен азырынча айта албайм, бирок сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүнүн өзү жакшы жаңылык", - деди эл өкүлү.

"Э, ызылдабагыла". Дастан Бекешевдин аткаруусунда Камчыбек Ташиевге пародия
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
portugalia
2021-04-01 15:07:56
Сын айтканды эле кыйын билебиз.Дастан Бекешов Ташиевдей олкого куйот бекен?
-2
Kuban-1207
2021-04-01 15:14:43
Ташиев алга
+1
Kuban-1207
2021-04-01 15:15:45
Садыр Жапаров Шаримандын 3 жылда жасаганын бир күндө жасайт
0
zam81
2021-04-01 15:24:32
Бала башкача суйлой баштаганго)
+9
Scorpion_09
2021-04-01 15:56:37
Бекешов ,клоунда
-4
nazira...
2021-04-01 19:07:01
Бекешов сизден күткөн эмес элем, сиз кыргыз эмес окшойсуз бул сөзүнүздө. Сын айткан тажик экөөн Ташиевдин богуна да тен эмессинер.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан