Бүгүн, 1-апрелде борбор калааны көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу жана жолдорго асфальт төшөө боюнча маалымат жыйын болуп өттү.
Анда "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын директору Алимбек Абдылдаев Бишкек шаарына 15 миңдей жарык чырактар коюларын билдирди.
"Шаардыктарга жарык коюп берүү менен кечкисин коопсуздукту сактоого жардам кылуудабыз. Быйыл болжол менен 15 миңдей жарык чырак орнотууну пландадык. Азыр өткөн жылдарга салыштырмалуу Бишкек жарык болуп калды. Бул "Манас" аэропортуна учактан конуп жаткан кезде даана байкалууда", - деди Абдылдаев.