Буга чейин социалдык тармактарда Токтогул суу сактагычынын жээгиндеги суунун көлөмү азайып кеткендиктен, ал жерде адамдардын сөөктөрү чыгып жатканы тартылган видеолор тараган. Бул боюнча Токтогул районуна караштуу Көтөрмө айылынын тургуну Сүйүнтбек Чотуров төмөнкүлөрдү билдирди.
"Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азайгандыктан жээктен адамдардын сөөктөрү чыгып баштады. Бул жерде мурун айыл болгон. Ошондо мүрзөлөр калган да. Бул сөөктөр үч муун мурунку адамдарга таандык. Февраль айынын аягында суу азайган сайын мүрзөлөр ачылып, жээкке адамдын сөөктөрү чыга баштады.
Эки баламды ээрчитип алып, чыгып калган сөөктөрдү көмүп жатканбыз. Бирок акыркы учурда сөөктөр массалык түрдө чыгып кетти. Ошондуктан элден жардам сурадым. Кечээ район боюнча эл, шаар мэри, акимдин катышуусунда сөөктөрдү терип, атайын жай казып көмүп, куран окуттук. 15 мүшөктөй сөөк чогулттук. Сөөктөрдүн баарын тизе алган жокпуз. Бирок аларды бөлүштүрүп көмдүк. Суу сактагычтын жээгин адамдын сөөктөрүнөн тазаладык.
Буга чейин аталган суу сактагычтын алдында айыл болуп, ал Токтогул ГЭСи курулган учурда айыл эли башка аймактарга көчүрүлгөн. Менин аталарым, чоң аталарым бардыгы ошол жерде жашаган. 1967-1968-жылдары айылды көчүрүү иштери башталган. Ошондо 1970-жылы аталган аймактан көчүп чыгып кетишкенин аталарыбыз айтып калышчу. Мен кантип ата-бабаларымдын сөөгүн таштап коёюн.
Суу сактагычтагы суунун көлөмү бала кезимден бери мынчалык деңгээлде азайган эмес. Быйыл суу өзгөчө азайды. Суу кайда кетип жатканын деле билбейм", - деди Сүйүнтбек Чотуров.
Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 1-апрелге карата 8 миллиард 716 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 174 метр куб, агып чыгышы 313 метр кубду түзүүдө.