Үй-бүлөлүк жаңжалдан улам. Чүйдө өз жанын кыюуга аракет кылган жаранды милициялар сактап калышты

Чүй облусунун Жайыл районунда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган адамдын өмүрүн милиция кызматкерлери сактап калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери эркек кишинин өмүрүн сактап калууга үлгүрүшкөн. Анын дем алуусу токтоп баратканда алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп аман алып калышкан.

"Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барып, үйдүн эшигин каккылаганда эч ким ачкан эмес. Бирок үйдүн ичинде жарык күйүп тургандыктан тергөө тобунун кызматкерлери кошуналары тарабынан короого киришкен. Үйдүн ичиндеги конок бөлмөгө киришкен учурда эркек кишинин асылып турган денесин көрүшкөн.

Эс-учун жоготуп жаткан эркек кишини дароо асылып турган жеринен бошотушуп, алгачкы медициналык жардам көргөзүшүп, бактыга жараша, ал киши аман калган. Териштирүү учурунда ал 37 жаштагы жергиликтүү жашоочу экендиги такталып, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен улам аялы кетип калып, мас абалында ушул кадамга барганын билдирген", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.

Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал жаран өз учурунда жардамга келген кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан