Баткендин Өзбекстан менен чектешкен "Кайтпас", "Өтүкчү" өткөрүү жайларынын иши жанданды (сүрөт)

Баткен облусунун Өзбекстан менен чек арада жайгашкан “Кайтпас”, "Өтүкчү" өткөрүү жайларынын иши жанданды. Бул саамалык салтанаттуу түрдө белгиленип, ага Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров баштаган эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Кыргыз-Өзбек элин кубанычтуу саамалык менен куттуктап, эки элдин коңшулаштык жакын мамилесин, эки облустун ар тараптуу кызматташуусун жакшыртууда, аталган чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын кайрадан ачылышы, жанданышынын мааниси зор экенине токтолуп, алдыда өнүгүүгө карай жолдо ишенимдүү өнөктөш катары кызматташуу жанданарын белгилешкен.

Бүгүндөн тарта эки өлкө жарандары “Кайтпас” жана "Өтүкчү" чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынан тоскоолдуксуз, эки өлкөнүн аймагына өтө алышат. Тагыраагы жүргүнчү ташуучу унаалардын каттоосуна жол ачылды.

Буга чейин пандемияга байланыштуу Өзбекстан Республикасы менен чек арада бир гана “Кадамжай” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы иштеп жаткан. Ал учурда Өзбекстан Республикасынын жарандары Сох районуна баруу үчүн 80 чакырым жолду басып өтсө, “Кайтпас” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы аркылуу өтүү менен жол алыстыгы 50 чакырымга кыскарат.

Ошону менен катар “Кадамжай” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайында кыймыл жеңилдейт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-12-мартында Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын өлкө башчылары Ташкент шаарында жолугуп, аталган чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларын ачууну макулдашкан.

Ал эми Баткен-Фергана облусунун башчылары кызматташуу жаатында бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ulan030484
2021-04-01 20:42:18
Хотябы Баткен облусунун тургундары да ушул пост аркылуу Узбекистанга кире алабы?
(Башка облусту точно откорбойт болуш керек)
0
Esenali
2021-04-01 21:06:15
ulan030484,ооба загран пасспорт менен кирип жатышат
0
bond
2021-04-01 21:37:06
Эч кандай пайдасы жок ачылса кыргыз тарап эле зыян тартат.
+4
aiba.20201234567
2021-04-01 22:23:20
Ачпаш керек эле да .. Эми Баткенди кой Бишкеке өзбектер жайнап кетет....
+4
batleybesh
2021-04-02 12:05:52
aiba.20201234567 ичинде ит олгонбу, элди маанайын карасан. Жашоо кетип жатат сен болсон сасыган бойдон журосун! Башы акылга толгур китеп окусан
-1
SHahabidin-jabborov
2021-04-02 05:04:52
Озбекистанга кунуно милиондогон адамдар келиб кетет,ичи тарлык жок,онугуу бар.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан