Биз социалдык тармакта

Кытай Кыргыз мамлекетине жалпы суммасы 63 миллион сомдук гуманитардык жардам берди

1-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытай өкмөтү тарабынан жиберилген гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Иш-чара Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргыз мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымдын катышуусу менен өттү.

"Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 63 миллиондон ашык сомду түзгөн бир жолу колдонулуучу медициналык коргоочу кийимдер, бир жолу колдонулуучу стерилденген хирургиялык резина кол каптар, хирургиялык бет каптар, медициналык коргоочу бет каптар, медициналык коргоочу көз айнектер, бир жолу колдонулуучу бахилалар, бир жолу колдонулуучу медициналык халаттар, бир жолу колдонулуучу медициналык шапкалар, инвазивдүү эмес өпкөнү жасалма желдетүү аппараттары, реалдуу убакыттагы ПЦР-систем аппараты, нуклеин кычкылдыгын бөлүүчү система аппараты тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aiymkan89
2021-04-02 02:12:19
Эмнеге алат ээээй, кытай кайра 630млн кылып кайтарып алат
+4
batleybesh
2021-04-02 12:03:03
Aiymkan89,эч болбогон до оюнду туздосон жакшы болмок!
0
Globalnews
2021-04-02 07:40:14
Неужели вам неизвестно, что развитые страны помогают бедным странам, в голове только негатив или даже темнота. Вместо этого надо надеяться, чтобы мы тоже в будущем стали способными помогать другим а не просить у развитых стран.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан