"Бооруна кысып "алтыным" деп эркелеткен, жаздай жадыраган жан эле". Журналист Бейшенбек Бекешовду балдары эскерет

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов көзү тирүү болгондо бүгүн, 2-апрелде 62 жашка чыкмак. Журналистика тармагында опол тоодой орду бар Бейшенбек Бекешов КТРК, ЭлТР, НьюТВ телеканалдарында эмгектенип, көптөгөн шакирттерди тарбиялап өстүргөн. "Коломто", "Эл наркы", "Акыл заман" аттуу телекөрсөтүүлөрдүн, "Кыргыз наркы" китебинин автору болуп, коомчулукка таанылган журналист 27-декабрда жүрөк оорусу кармап, 61 жашында мезгилсиз дүйнө салган.


Бул күндүн урматына карай журналисттин балдары социалдык тармактагы баракчасы аркылуу атасынын туулган күнүнө арнап пост жарыялады. "Баскан жолуңуз бизге багыт берип турат" деген Бекешовдун балдарынын жазган атасына арналган эскерүүсүн маңызын жоготпой, өзгөртүүсүз беребиз.

"Адамдын ата-тегин санжырадан мурда адамдын баскан жолу менен аткарган иштеринен издегиле” – деп атабыз Бейшенбектин айтканы бар. Атабыздын баскан жолу тоо этегинен, шаркырап аккан суунун башынан орун алган, тоолорунан касиеттүү Ысык-Көл көрүнүп, кооздугу көздүн жоосун алган Балбай айылынан башталат. Бүгүн атабыздын туулган күнү. Жаз жадырап, өрүктөр гүлүн ачып, табият кулпуруп турган учурда жарык дүйнөгө келген экен. Атам 61 жаш оомал төкмөл өмүрүн ары кызыктуу, пайдалуу, маанилүү, маңыздуу, жарк этип жанган жылдыздай жашап өттү десем жаңылышпасмын. Каалаган билимин алып, каалаган багытта өнүктү, досту да, душманды да таанып кечиргенге жетишти, идеяларын арты-артынан ишке ашырды, канчалаган шакирттерди даярдады. Дүйнөнү түрө кыдырып, дүйнө таанымы кенен, улуу инсандар менен баарлашып, иштешип, достошуп катышты. 30 жылдан ашуун эл күтүп көргөн таасирдүү телекөрсөтүүлөрдү даярдап келди. Кырктын кырында Алла Тааланы таанып намазга жыгылды. Кыздуу, уулдуу, неберелүү болду. Миңдеген түп бак тикти. Үй-бүлөнүн оош-кыйышын түшүнүп, аялзаттын табиятын таанып жүрөгүнөн өткөрдү.
Эң негизгиси атам өзүн өзгөртүп, тарбиялап, бул дүйнөнүн сырын түшүнүүгө аракет кылды. Дээринде бар хандан, бектен кайра тартпаган баатырлыгы сакталып калганы менен ары сабырдуу, кечиримдүү болгонго үйрөндү. Жашоомду өз колум менен куруп, дүйнөнү мен каалагандай жууруп жасап алам деген көк жалдыгы бар эле, бардыгы Жараткандын колунда экенине терең ишенди. Чыныгы бакыт эмне экенин түшүнүп, адамдын бактылуу болушуна өзүнөн башка эч ким тоскоол боло албашын жашоосу, баскан жолу менен көрсөттү. Атамдын баскан, турган турпаты, жанына жаккан тамаша сөзгө боору эзилгенче күлгөнү, жумшак көз карашы, назик жүрөгү, бооруна кысып “алтыным” деп эркелеткени, жаздай жадыраган, ар дайым жакшы маанай тартуулаган элеси жүрөгүбүздө сакталып калат. Сиздин элесиңиз бизге ар дайым кубат берип, баскан жолуңуз багыт берип турат. Сизди бизге ата кылып берген Жаратканга миң шүгүр. Атамды билген, көргөн, сыйлаган, достошкон, баарлашкандын баарына жаздай маанай, үй-бүлөңөргө тынчтык, жүрөгүңөргө чыныгы бактылуулук каалайбыз. Бар болгула. Балдары Мэри, Жанат, Нурпейил".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirkaa5182
2021-04-02 11:40:31
Жакшы агай болчу, бейишин берсин.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан