Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-апрелде ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аземде сүйлөгөн мамлекет башчы быйыл Кыргыз өлкөсүндө эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленерине токтолду. Анын айтымында, отуз жылдык саясий тарыхыбыз ар кандай окуяларга бай болду, бирок кыргыз эли мамлекеттүүлүктү чыңдоо мүдөөсүнөн тайбай, тынбай изденип келе жатат. Себеби элдин көксөгөнү стабилдүүлүк, тартип жана өнүгүү.

Президент ушул күндөрү жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум өтөрүн белгиледи. Ал жаңы Конституция эл-журт күткөн туруктуулукту, ырааттуу өнүгүүнү алып келет жана мамлекеттик органдардын ишинде бюрократиянын деңгээлин бир кыйла төмөндөтөт деген ишенемин айтты.

Мамлекет башчысы сыйланып жаткандардын арасында ар түрдүү тармактардын — саламаттыкты сактоонун, эл агартуунун, илим-билимдин, айыл чарбасынын, спорт тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн сиңирген эмгектерин белгиледи. Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кандай гана бийлик болбосун, замандаштарга үлгү, келечек муун үчүн өрнөк болорун кошумчалады. Алардын арасында академиктер Дүйшө Кудаяров, Мамбет Мамакеев, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев, жазуучулар Самсак Станалиев менен Советбек Байгазиев жана башкалар бар.

Садыр Жапаров ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы турууда өз өмүрүн тобокелге салып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн алпурушкан ак халатчан дарыгерлердин каармандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары ал маданият менен адабият чөйрөсүнүн таланттуу уул-кыздары кол куушуруп отурбай, улуттун урматы үчүн чаалыкпай мээнеттенип келишкенине, рухий дөөлөттөрдү жаратууга салымын кошуп турушканына токтолду.

Президент Жапаров иш-чаранын катышуучуларын мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, аларга чың ден соолук, ийгилик жана бакубатчылык каалады.

Белгилей кетсек, мамлекеттик сыйлыктар 125 адамга тапшырылды. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-04-02 17:43:59
Эми окшоптур бул жагы,сахнада 30/40 жыл жүргөн адамдарга ,жана улуу муундун өкүлдөрү академик профессорлорго сыйлык тапшырылып,каяктагы көчө ырчылары Самара гулжигит сыяктуулар наам алып күйгүзгөн атамбаев менен сокенин убагында
+3
guli-1980
2021-04-02 18:27:09
Борборго эле эмес алыскы област, райондорго дагы көзөмөл кылгыла
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан