
Португалиянын чабуулчусу
Криштиану Роналду ыргытып жиберген капитандык кур миллиондогон еврого сатылат. Бул тууралуу кайрымдуулук уюмунун сайтына жарыяланган маалыматка таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы жарыяланган баа 10 миллион 886 миң еврону түзгөн. Кайрымдуулук уюмунун маалыматына ылайык, бул каражат жүлүн булчуң атрофиясы (SMA) менен жабыркаган сербиялык алты айлык наристени дарылоо үчүн сарпталат. Капитандын лентасын матч бүткөндөн кийин алып, Белграддагы стадиондун кызматкери “Жашоо үчүн бирге” кайрымдуулук уюмуна белекке берген.