Ээсинин алы келбей. Бишкекте ит окуучу бала менен аялга кол салды

Бишкекте ит окуучу бала менен аялды тиштегилеп жаткан видео социалдык тармакка тарады.

Тасмада көрүнгөндөй, алгач байланган ит менен ээси көчөдө келе жаткан. Ал кандайдыр бир жол менен бошонуп кетип, келе жаткан окуучуларга кол салган. Анда бир окуучунун бутунан коё бербей тиштегилеп, ээси арачалай албай жатканын көрүүгө болот.

Ал эми иттин ээси аны байлаган жиби менен сабап, бирок алы келбей койгон.

Ал ортодо арачага түшкөн аялга кол салып жатканын байкоого болот.

Бул окуя боюнча учурда тийиштүү органдардан маалымат айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Simels
2021-04-03 12:25:33
Иттин ээсин жоопко тартып штраф салыш керек!!!
+11
Donikg
2021-04-03 12:57:07
Иттин ээсин камаш керек
+11
Donikg
2021-04-03 12:57:16
Итти атып салыш керек
+13
Jacob.
2021-04-03 13:11:37
Итти бага алсан бакпайсынбы?!
+13
bond02
2021-04-03 13:53:12
Иттин ээси мас окшойт.
+7
Sonyasonya
2021-04-03 14:07:13
Шаарыбызда эркек жок калыптыр,бары эле артын карабай качышат го. Аял кишилер эле жарламга келгендер
+16
Атасынын баласы
2021-04-03 16:05:05
Ай ай, ит иттигин кылган турбайбы...
+5
Gulina90
2021-04-03 20:44:31
Эркектер карап туруптур,аялдар молодец ажыратып уруп жатышат.
+4
munar1980
2021-04-03 22:28:22
Кабанак итти атып салса болот атыш керек
+3
Nursul
2021-04-04 08:57:56
Иттин ээси эми жоопко тартылат. Көчөдө жолбун иттерди аталы десек уруксат беришпей коюшкан жаш баланы эмес бир жолу мени аябай жаман кылышкан ондон ашык ит чоң кишиге ошончо кол салып аткандан кийин жаш балага кантип кол салбай койсун.
+1
Usmanbekali
2021-04-05 15:48:22
Жанагы активистер кайакта иттерди атпагыла деп митингге чыккандар,ушуну бир коруп койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан