Бишкекте окуучу бала менен аялга кол салган ит. Милиция иттин ээсин издөөдө

Бишкекте ит окуучу бала менен аялды тиштегилеп жаткан видео социалдык тармакка тараган. Бул окуя боюнча Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымат таратып, буларды билдиришти.

Бишкек ШИИББине 1-апрель күнү саат 18:51 чамасында 102 кызматына Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде ит окуучу баланы тиштеп алганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Ошол эле күнү Свердлов РИИБине шаар тургуну саат 19:00 чамасында жолдон баласын ит тиштеп алганын айтып, арыз жазып кайрылган. Анда ал баланы "Тез жардам" кызматы менен №3 балдар ооруканасына алып кеткенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "майда бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми жабыркаган 2009-жылы туулган балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда териштирүү иштери жүрүп, иттин ээси изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhazgul98
2021-04-03 17:54:45
Мындайларды Жазасыз калтыруу башка кылмыштуулукка эң чоң түрткү берет.
+5
Gulina90
2021-04-03 20:47:22
zhazgul98,бул итти атып эле салыш кк,ээсине очойтуп штраф салыш кк.
+3
kaya89
2021-04-04 08:23:21
Ит атарлар качан кочодогу иттерди атып баштайт кече менин да баламды ит тиштеп тытып салыптыр коркуп журогу да тушуп калыптыр
+1
elmira.
2021-04-04 16:13:46
.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан