Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издөө иштери ата-энесинин макулдугу менен токтотулду

Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагынын Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган Э. у. Б. аттуу бала мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерге издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМнын Алай районунун башчысы, Алай райондук №68 өрт куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу, жалпы 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, натыйжа болгон эмес.

3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aika1303
2021-04-04 11:05:16
Табылбай эле кантип токтотуп коюшту.
+9
Ozgocho111
2021-04-04 11:05:39
Эмне 1,2кундо эле токтотуп койушат... Байкуш бала.
+10
Ngazi
2021-04-04 12:23:21
Жашы жете элек балдар жоголсо издөөнү токтотуу, зордукталса тосмо арыз жазуу, автокырсык болсо тосмо арыз жазуу сыяктуу нерселерди ата-эненин колунан мамлекет алыш керек, ишти аягына толук чыгармайынча чекит коюлбаш керек, эч кимге ырайым берилбеш керек.
+23
JaneEr
2021-04-04 14:03:52
Неге токтотушту?Ата-энеси акча бербей койдубу?Байкуш баланы табыш керек элего...
+7
emirchik
2021-04-04 15:43:22
Эмне эки Эле кундо Токтотуп жок дегенде бир жума издешпейпи Соогун таап туугандарына берип койсо Ата энесида Коксо сууп тынчырак отурмак
+6
Aiymkan89
2021-04-04 15:59:47
Издегенге да акча болуш керек да! Жазат десе эле жаза бересинер. 60 адам бекер таап береби жок дегенде тамак ашын жасап бериш керек. Мумкун колунда жок болсо макул деди да аргазыздан. Оздору издешет эми
-7
ika8086
2021-04-04 20:08:05
МЧСтин адамдарында натыйжа болбой жатат жогорку жактагыларга жеткирбей жататго менимче.Техника тарттырсын(экскаватор)Элден айланса болот,эл тызылдап жатат табышкыла деп.МЧСтен келишти келген адамдарга рахмат,ата-энеси шоковой состояниеде болуш керек.Кетебиз уруксат бер десе кетсенер кеткиле десе кк да.
+2
ika8086
2021-04-04 20:13:50
телевидениеге тартып,ишти аягына чыгарып берген МЧСке ишти аягына чейин чыгарасынар деп талап койгон адам жок.Баласынын тириги жок же олугу жок ата-эненин куйутун соз мн айтып жеткире албаса кк адам баласы.Душманыбызгада ыраа корбойт элек кырсыкты.Баары Аллахтын колунда.Жаратылыш кырсыгы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан