ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын ордуна Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Бүгүн, 4-апрель күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиевди тааныштырды. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.
Нурбек Абдиев 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" адистигин аяктаган. Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөйт.
Ички иштер органдарындагы кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган.
Кызмат өтөө учурунда ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги болуп иштеген.
Ар кандай жетектөөчүлүк кызмат орундарында дагы иштеп келген.