Өзүнө эле эмес, конокторго дагы жолдомолор... Белектерге чөмүлгөн, мактоолор жамгырдай жааган Самара Каримованын тоюнан репортаж

Жолдошу Асан Мансуров белек кылган көйнөктүн бири.

30 жашы менен сахнадагы 10 жылдыгы бир келген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош шаарында той өткөрдү. Шоу-бизнестин, маданияттын, жеке ишкерлердин, айтор ар тармактын өкүлдөрүнүн башын бириктирген салтанатты оюн-зооктор, ыр, бийлер коштоду.

Тойдо туулган күн ээсине батирден тартып экзотикалык өлкөлөргө жолдомолор, үй эмереги, артист көйнөктөр тартууланды.

Жергиликтүү курулуш компаниясы Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир тартуу кылды.

Туристтик агенттиктен Малайзия менен Сингапурга жолдомо ыйгарылса, дагы 3 жолдомону коноктор үчүн бөлдү. Ал эми Самара Каримованын чыгармачылыктагы курбулары Малайзияга жолдомо беришерин убада кылышты.

Эмерек саткан дүкөндөн ырчыга сертификат тапшырышты.

Белгилүү дизайнер-модельер Арзубек Вонама сахнага кие турган атайын форма тигип келсе, улуттук калоритте тигилген көйнөктү келген коноктордун бири берди.

Кыргыз Эл артисти Рахматулла Козукеев жакшылык ээлерин ыр түрүндө куттуктап, каалоо-тилегин кошо билдирди.

Андан тышкары продюсер Ислам Сатаров дүйнөлүк деңгээлдеги студиялардын биринде ыр жаздырып, клип тарттырып берүүнү убадалады.

Оюн-зоок менен коштолгон тойдо Анжиянга 3 жолдомо ойнотулуп, анын бирин Кыргыз Эл артисти Арзыбек Бедияров утуп алды.

Самара Каримова 30 жашын белгилеп той берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bekhaliev
2021-04-05 07:14:55
Кечинде расса трахандром кылса кк асанкасы
+9
Kadyrova_
2021-04-05 07:15:38
Ашыкча ысырапкорчулуктун эмне кереги бар андан коро оорулууларга же уйу жок муктаждарга белек берип акчасын чачпайбы.озун канчалык пиар кылсада денгеели кандай экенин эл жакшы билет акылсыздык иш жасаптыр наалат айтам.
+9
Jigit25
2021-04-05 08:00:56
Kadyrova_, сен да бол Ошондой колундан келбейби бир жерин кыс
-10
Kadyrova_
2021-04-05 10:38:25
Jigit25,Аллам ыйман берекор Акылсыз пенделерине.билбей суйлогон создорунорду Алла кечирсин.
+6
Shabi
2021-04-05 08:59:36
Kadyrova_,эмне болгон сага анчалык,наалат айтып.Че то сенин чонтогундогу акчандан алып откоргон го тойду э.
-7
Kadyrova_
2021-04-05 10:36:25
Shabi,Сизгеда Аллам журогунузго ыйман берсин.
+7
Jigit25
2021-04-05 13:14:36
Kadyrova_,кудай деп эле Ааа деп отура бербей иштеш кк.аракет кылсан баары болот
-4
Shabi
2021-04-05 13:48:29
Jigit25,туура
-1
Shabi
2021-04-05 13:48:14
Shabi,ошол сен айтып жаткан Аллах дагы бироого жондон жон акааарат келтирбегиле,бироого жаман соз айтпагыла деген.Билинип эле калды Сенин журогундону ыйманын кандай экенин.
0
Jaka1978
2021-04-05 08:53:40
Ысырапчылык экен да.,
+6
Gulina90
2021-04-05 09:01:37
Тооба озун пиарлап турбаса башы ооруйт окшойт,ошол үйдү уйсузго белек кылып кой.
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан