Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы издөө иштери кайрадан башталды

Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү 2007-жылы туулган бала мал кайтарып жүрүп дайынсыз жоголгон. 3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугунун негизинде издөө иштери токтотулган.

Кечээ, 4-апрель күнү кайра издөө иштери башталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерге издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМнын Алай районунун башчысы, Алай райондук №68 өрт куткаруу бөлүгүнөн 9 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу, жалпы 29 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, натыйжа болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gulina90
2021-04-05 09:12:37
Э кудай табылып калса экен,бир кычыкка бекинип жаракат алып калса деле тирүү табылса экен,энеси байкуш кантти экен,бул жакта туруп менин жүрөгүм ооруп атат.
+4
amirrus
2021-04-05 10:05:48
Токтотбой караш керек эле,кардын алдында кандай суук болоорун билесинер, погрузчик экскаватор менен ошол эле куну таап койсонор болмок,мамлекеттин алсыздыгы
0
amirrus
2021-04-05 10:09:06
Ошол жерде бир чиновниктин баласын басып калса тоону кошуп каздырмак, МЧС тин техникаларын алып барып, эртерээк ыкчам чара корулсо аман алып чыкканга мумкунчулук бар эле
+1
zhazgul98
2021-04-05 10:36:41
Адам тирүү кезде, ал үмүт кылышы керек.
-2
Rachki
2021-04-05 12:45:54
Издөө иштери токтотулду дегенде таң калдым эле. Издеш керек табылганча
0
Omyke
2021-04-06 11:50:50
Аллагым Сабыр берсин эсен аман табылып калсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан