Эне тилге эки мүнөт: "Жылкы кыял", "Тил эмизүү" фразеологизмдеринин мааниси

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "жылкы кыял", "сөөгү таза", "тил эмизүү" фразеологизмдеринин маанисине көңүл бурабыз. Себеби эл арасында бул сөз айтылганы менен, көпчүлүк маанисин биле бербейт эмеспи. Аталган фразеологизмдин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев айтып берди.

Жылкы кыял - чунандап мүнөзү тез өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө. Мисалы, Ал өзү жылкы кыял, кишинин баары менен урушуп жүрөт (Узакбай Абдукаимов).

Сөөгү таза - 1. мүчөсү, сын-сыпаты келишкен, сымбаттуу. Мисалы, Сөөгү таза, сөзү сыпаа, жакшы кыз эле (Түгөлбай Сыдыкбеков). Сөөгү таза, жүзү жарык өзүңдөй асылга тең курбу боло турган периште экен (Сыдыкбеков).

2. Аралашмасы жок, чыныгы. Сөөгү таза кездеме.

Тил эмизүү - натыйжасыз, курулай убада бере берип ишти узартуу, алдоо, куру бекер үмүткөр кылып, көпкө создуктура берүү. Мисалы, Жаңыдан курулуп жатат деп тил эмизип келе жатканына үч жылдан төрт жылга аяк басты ("Чалкан"). Бармын деп Өскөнбай тил эмизип койгон го, келем десе, келип калат эле (Жусуп Турусбеков).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан