
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине "Ош" эл аралык аэропортунда кечээ, 4-апрелде Ош-Бишкек каттамы президент
Садыр Жапаровду күтүп, жарым саат кеч учканын окурмандар билдиришкен. Бул боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматына байланышканбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Кечээ, 4-апрелде "Ош" эл аралык аэропортунда саат 15:00дө пландалган Ош-Бишкек каттамы 15:40ка чейин техникалык катачылыктардан улам кармалган.
Учууга даярданган учак белгиленген убакытта техникалык катачылыктардан улам учуп кете алган жок, ошондуктан каттам кийинкиге калтырылган", - деп билдиришти аталган мекемеден.