Социалдык тармакта Бишкектеги Көк-Жар конушунда жайгашкан №182 бала бакчада балдарга берилген тамак-аш тартылган сүрөттөр тарады. Анда ата-энелер балдарына берилип жаткан тамакка нааразы болушууда.
"Ата-энелердин кайрылуусуна аталган бала бакчанын жетекчиси кайра коркутуу менен чектелет", - деп жазып калтырышкан ата-энелер.
Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттү көрүп, ар кандай маанайдагы пикирлерин калтырып жатышат.