Эл өкүлү Кыргыз өлкөсүнөн качып кеткен аткаминерлерди кайтарып келүү маселесин көтөрдү

Кыргыз өлкөсү менен АКШнын укук коргоо органдары коррупцияга шектелген мурдагы чиновниктерге каршы козголгон кылмыш иштери боюнча ишти баштады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат Шайлообек Атазов Казакбаевге кайрылып, акыйкаттык үчүн алгач Америкага качып кеткен, коррупцияга шектелген мурдагы чиновниктерди кайтарып келүү аракеттерин ылдамдатуу керек экенин айтты.

"Өлкөнүн чоң же кичине экени эч кандай мааниге ээ эмес, бирок ар бир өлкөнүн өзүнүн ар-намысы жана кадыр-баркы болушу керек", - деп билдирди ал.

"Азыр АКШнын жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары түздөн-түз иштей баштады. Бул иш боюнча УКМК жана Башкы прокуратура иш алып барууда", - деп жооп берген тышкы иштер министри, бирок кайсы иш жөнүндө сөз болуп жаткандыгын ачыктай алган жок.

Белгилей кетсек, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев азыркы тапта АКШ өлкөсүндө. Ал 2018-жылдын июнь айында Тажикстандын чек арасынан өтүп, өлкөдөн чыгып кеткен. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Шадиевге эл аралык издөө жарыялаган. 2018-жылдын ноябрь айында ал мандатынан ажыратылган. 2020-жылдын июнь айында Шадиев сыртынан мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан