Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абадда спортчулар сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, шаар мэри Эрнисбек Ормоков дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата 2019-жылы дүйнөлүк, Азиялык мелдештерде алтын, күмүш, коло медалдарга ээ болгон спортчуларга, алардын машыктыруучуларына акчалай сертификаттарды тапшырды.
"Спортчуларга жетишкен ийгилиги үчүн 50 миң сомдон 250 миң сомго чейинки, ал эми машыктыруучуларга 15 миң сомдон 75 миң сомго чейинки сертификаттар ыйгарылды.
Мэр спортчулар бир шаардын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн сыймыгы экенин белгилеп, мындан ары да Кыргыз өлкөсүнүн желегин жарыштарда желбиретип, ийгиликтерге жетүүнү каалады. Ошондой эле мындай сыйлоолор алдыда да улантылат", - деп жазылат маалыматта.