"Forbes" Телеграмдын негиздөөчүсүн Дубайдын эң бай миллиардери деп атады

ВКонтакте социалдык тармагынын жана Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров "Forbes" журналынын версиясы боюнча дүйнөлүк миллиардерлердин тизмесинде 112-орунду ээледи. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, басылманын адистери анын байлыгын 17 миллиард 200 миллион долларга баалашкан.

Ошол эле учурда орусиялык ишкер Дубайдын эң бай тургуну болуп табылды. Анын артынан Индиядан чыккан "LuLu Group International" компаниясынын ээси Юсуфф Алинин байлыгы 4 миллиард 800 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле Дуров биринчи ондуктун тогузунчу орунуна көтөрүлүп, Орусиянын эң бай он адамынын катарына кирди. Бир жыл мурун басылма анын байлыгын 3 миллиард 400 миллион долларга баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан