Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткен облусуна болгон иш сапардын алкагында жергиликтүү милиция менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Улан Ниязбеков Тажикстан Республикасынан иш сапардан кайтып келе жатып Баткен облусуна иш сапары менен келип, Баткен ОИИБинин бөлүм башчылары жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду.
"Шайлоого карата бардык мыйзам бузууларга, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына бөгөт коюлсун. Эгерде добуш сатып алуулар аныкталса, мыйзам чегинде ыкчам чаралар көрүлсүн. Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды сатуу же сатып алуу деген болбош керек", - деди Ниязбеков.
6-апрель күнү Тажикстандын Согдий облусунда ички иштер министри Улан Ниязбеков менен Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болгон.