реклама
super.kg logo
Сиз эмдөөдөн өтүүнү каалайсызбы?

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Жогорку Кеңештин төрагасы: "7-апрель - кыргыз элинин эркиндик, демократия жана акыйкаттык үчүн күрөшкөн күнү"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 7-апрель - Элдик апрель революциясы күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"7-апрель - кыргыз элинин эркиндик, демократия жана акыйкаттык үчүн күрөшкөн күнү. Ушул күн карапайым калктын аракети менен ишке ашып, элдин эркиндикке болгон умтулуусун, бийликти мыйзамсыз түрдө басып алууга каршы күрөшкөн кайратын, өлкө келечеги үчүн өзүн курмандыкка чалган эрктүүлүгүн чагылдырып турат.

Тилекке каршы, ал күрөш көп жоготуулар менен коштолду. Көптөгөн мекендештерибиз жарадар болуп, ден соолугунан ажырады. Андыктан Апрель элдик революциясынын кыргыз тарыхындагы орду өтө маанилүү. Аны ар убак өкүнүү менен эскерип, элибиздин тайманбастыгына дайыма таазим кылабыз.

Сиздер ошол күндөрү Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусу үчүн зор салым коштуңуздар. Ар бир келечек муун 2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын курмандыктарын унутушпайт. Эр-азаматтарыбыз жаштарга элдин эркиндиги менен тынчтыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандар катары үлгү болуп кала берет. Эркиндик жана чындык үчүн өз өмүрүн арнагандардын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Мындан ары мамлекетибиз гүлдөп-өсүп, коогалаңдуу окуялар эч качан кайталанбасын. Өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак менен ырашкерлик орносун", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165388;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: