Беларусь өлкөсүндө 3 күн бою кыргыз кинолору көрсөтүлөт

Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Минск шаарындагы "Беларусь" кинотеатры атактуу режиссёрдун жана кыргыз тасмаларын көрсөтөт. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-11-апрелде Минск шаарынын тургундары мындан 49 жыл мурда тартылган кыргыздын шедевр тасмаларын көрө алышат.

"Аталган мамлекеттин жарандарына сунушталып жаткан кинолор кезинде улуттук жана эл аралык кино сыйлыктарынын байгелерине татыган. Алар "Дарак ыры", "Сүтак" тасмалары. Беларустагы кыргыз кино күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий эл аралык кызматташуунун алкагында, бул жааттагы карым-катышты жакшыртуу максатында өтөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Элчилик бул маданий иш-чара Беларустун Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан