Октябрь районунда жашыл зона ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тапшырма бергенин аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сухе-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде шаардыктар үчүн эс алуучу жашыл зона курулат. Бул мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун жеке көзөмөлүндө болмокчу. Ошондой эле бүгүн Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу жашыл зона курула турган аймакка барып, тиешелүү кызматтар менен сүйлөшүү иштерин жүргүздү.
Маалыматта айтылгандай, жашыл зонанын курулушуна бюджеттен каражат сарпталбайт, инвестор бардык чыгымдарды өз моюнуна алган.