Бурулай, Айзада... дагы ким? Социалдык тармактын колдонуучулары митингге чыгууга үндөп, ИИМдин министринин отставкасын талап кылышууда

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Үрөй учурган окуя боюнча социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Айрымдары ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылса, айрымдары эртең, 8-апрелде ИИМдин алдына митингге чыгууга үндөшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Noon
2021-04-07 23:41:37
Мен да колдойм. Иштен кетишсин иштей албагандан кийин ал жерде б.к жеп отурушабы? Кыздарыбызды Аллахым өзүң колдой көр.
+6
Federik
2021-04-08 00:05:53
Милициянын алсыздыгы! Бардык далил,видео камера,машинанын номери,маркасы дагы эмне керек эле маньяктарды кармаганы.Эки суткада эмес,эки саата кармаш керек болчу.
+7
Asmat84
2021-04-08 00:17:26
Шок өтө өкүнүчтүү иш болуптур. Жайлары жаннаттан болсун. Мурда бүт эле ушинтип эле ала качуу менен эле үй бүлөө күтүп келген элек. Ата эненерден ага женелеринерден сурагыла баары эле ушинтип эле баш кошуп бактылуу жашап жатышпайбы. Азыр закондоштуруп койгону менен аягы каргаша менен бүтүп атат. Карагылачы бирөөнүн айдай сулуу кызы менен бирөөнүн уулу эле го
0
Shabi
2021-04-08 01:24:44
Asmat84,ушул "биз деле ушинтип келгенбиз,илгери ала качып эле жашап келгенбиз"дегенди ан сезимибизден алып салуу керек.чын ата энебиз женелерибиз илгери ошентип келген.бирок илгерки заман илгерки жаштар башка болгон да.илгерки жаштар эркектери сойко салынып коздорун боеочу эмес,кыздары кыска кийчу эмес.уят олумдон катуу болчу,азыркы заманда уятты жонле кой
олтуруу,олтуруп кетуу жон эле кунумдук жанылыкка айлана баштады го.илгерки жашоо менен жаштар менен азыркыны салыштырып болб
-1
Shabi
2021-04-08 01:28:42
Shabi,бул нерсени,эртенки куну уй-булоо курам уйлоном деген жаштар,озубуз токтотушубуз керек.Эртенки куну мен да уйлоном,бирок алып качып бироонун тагдырын талкалабайын деген ойдо болушубуз керек
-1
Azat-123
2021-04-08 01:38:58
Быйыл кыш оор болуп дарбазамдын ичи тышы заңдап чирий баштаптыр, эски дарбазаны алмаштырайн десем тыйын жок, шаарга түшүп мал жандыктарга оптом таза жем алып коёюн десем ага дагы тыйын жетбейт, мунун баардыгына Садыр менен Ташиев күнөөлүү
-8
Asmat84
2021-04-08 03:16:12
Azat-123,амеей ботом түш көрүп атасыңбы сен башка автобуска түшүп алдың
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан