Милиция кызматкерлери кыз ала качууга шектүүлөрдүн бирин кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми кылмышка шектелген дагы эки адамды издөө иштери жүрүп жатат.
"1994-жылы туулган К.А.ны ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган эки шектүү тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин 27 жаштагы К.А.ны Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткени маалымдалган.
Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи К.А.нын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди.